Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Биздин талапкерлер
Тариэль Абдыкеримов
1990-жылы 20-мартта Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Ысык-Көл облусунун, Темировка айыл аймагына көчүп барып, ал жактагы жергиликтүү мектепте 2 жыл окуган, кайра Бишкек шаарына көчүп келип, окуусун №25 мектепте уланткан. Чоң ата, чоң эненин колунда өскөн. .
Бактыгул Ашырматова
1986-жылы 22-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылында төрөлгөн. Атасы – Ашырматов Тилек Курманакунович, 1964-жылы төрөлгөн, Энеси – Сатылганова Болдукан, 1965-жылы туулган, бухгалтер болуп эмгектенет.
Динмухамед Алмамбетов
1984-жылы 16-ноябрда Кыргыз ССРинин Нарын облусунун Нарын шаарында мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Улан Бердибаев
1985-жылы 12-апрелде Фрунзе шаарында туулган. 9 ай болгондо дарыгерлер ага БЦП – балдардын церебралдык паралич диагнозун коюп, 2-топтогу майыптыкка чыгарышкан.
​Бекзат Батырканов
2011-жылы генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейин аяктаган, андан соӊ ИСИТОго (Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институту) "Прикладдык информатика" адистиги боюнча "Юриспруденция" багытына тапшырган.
Дамирбек Давлянов
1986-жылдын 23-мартында Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк айылында туулган. Улуту-кыргыз. Кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис тилдерин билет.
Акылбек Баяманов
Акылбек Баяманов 1985-жылдын 9-июлунда туулган. Бишкек шаарында жашайт. Үй-бүлөлүү.

Эльнура Абылкасымова
1989-жылы 20-июнда Чүй облусуна караштуу, Бишкек шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Улуту боюнча кыргыз, үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы. ​​
Рашит Аманкулов
1986-жылы 1-декабрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Эркин айылында туулган
​Эльдар Байбулатов
1984-жылы 9-октябрда Кара-Балта шаарында туулган.
Асель Джаилова
1991-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында кызматчылардын үй-бүлөсүндө туулган, улуту кыргыз,
Мухтар Артиков
1983-жылдын 21-декабрында Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Сузак айылында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган.
Евгения Доненко
1987-жылдын 13-декабрында Бишкекте туулган.
Кыргыз-Орус Славян университетинен жогорку билим алган. Аны 2009-жылы бүтүрүп, “лингвист (англис тили)” кесибин жана маданияттар аралык баарлашуу боюнча адистигин (маданияттар аралык байланыштардын теориясы жана практикасы) алган.
​Талант Жекшенов
1982-жылы 2-мартта Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
Айдай Досалиева
1996-жылы 24-августта төрөлгөн. 2015-жылы А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы техникумунан «Ишкана финансысы» адистиги боюнча атайын орто билим алган.
Эльнура Жумашева
2011-жылдан бери - педиатр жана врач-неонатолог. Андан тышкары 2020-жылдан КММИ жана ПКнын түштүк аймагындагы мугалими.
​Торобек Жунусов
2003-2005-жылдары Түркиянын Измир шаарында Түрк мамлекеттик Тогузунчу сентябрь Универститинде "Туризм менеджменти" адистиги боюнча билим алган.
Болот Ибрагимов
1989-жылы 11-декабрда Бишкек шаарында туулган. 1997-2007-жылдары Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинде окуган. 2007-2009-жылдар аралыгында Эл аралык “Ата Түрк-Ала Тоо” университетинде “Дүйнөлүк экономика” адистиги боюнча билим алган.
Лора Зуева
2009-2016-жылдарда Санкт-Петербургда жашаган, ошол жерде Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин бакалавр жана магистратурасын бүтүргөн.
Эртай Искаков
1990-жылы 22-февралда Ысык-Көл районунун Оргочор айылында чыгармачыл үй-бүлөдө туулган.
Наристе Калчаев
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында төрөлгөн. 1985-жылы Саруу айылындагы орто мектепке барып, аны 1996-жылы аяктаган.
Ильясбек Каипов
1984-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы – Каипов Замирбек, күзөт бюросунун директору болуп иштеген.
Нурсултан Кубанов
1992-жылы 20-ноябрда туулган. Нарын шаарындагы №7 атындагы мектепте окуган. 2008-2010-жылдары К.Карасаев атындагы БМУнун алдындагы лицейде окуган.
​Данияр Болторуков
1980-жылы 14-ноябрда туулган. Ысык-Көл областынын Түп районундагы Шаты айылында жашайт. Үй-бүлөлүү, бир уулу бар.
Эльнура Мелисова​
1993-жылдын 8-майында Чүй областынын Токмок шаарында мамлекеттик кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган.

Карыбек уулу Улукбек
1990-жылы Ош областына караштуу Чон-Алай районунун Шибе айылында педагогдордун үй-булөсүндө жарык дүйнөгө келген.Төрт бир туугандын кичүүсү.
Магомедов Аслан Магомед-Алиев
1989-жылдын 18-августунда Чүй областынын Аламүдүн районундагы Октябрь айылында туулган
Гапарали Матказиев
1966-жылы 11-январда Ош областынын Баткен районундагы Кара-Булак айылында туулган. Учурда Баткен шаарында жашайт. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөйт.



Нуржан Пазылова
2006-жылы Бишкектеги №12 мектеп-гимназиясын аяктаган. 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине өтүп, 2011-жылы артыкчылык менен аяктаган.
Нашанбай уулу Таалайбек
1990-жылдын 17-августунда туулган.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана аймактарды үйрөнүү факультетин 2013-жылы аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Студент кезинде Беларус Республикасында өткөн «Дружба без границ» эл аралык жаштар форумунун программасын ишке ашырууга активдүү катышып, дипломго татыктуу болгон.
Ниязбек Шаякматов
1992-жылы 22-октябрда Нарын районунун Ат-Башы айылында туулган. Жогорку билимди Кыргызстан Эл аралык университетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча алган.
Руслан Осмоналиев
1985-жылы 4-октябрда туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну.
​Самат Окмоткулов
2010-жылы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Соода-экономикалык колледжинин «Каржы жана насыя» факультетин аяктаган. 2017-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Каржы жана насыя» адистиги боюнча бүтүргөн. 2020-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшырган.
Тарасова Ирина
1997-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун кино жана телевидение кесиби боюнча аяктаган.
Алиман Качаганова
1988-жылдын 16-майында Бишкек шаарында туулган. Улуту – кыргыз. Учурда Бишкек шаарында жашайт.


Алибек Ташматов
1993-жылы 10-февралда төрөлгөн. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын педагогика факультетинде билим алган. 
Элдияр Шатманов
1987-жылы 17-апрелинде
Жалал-Абад облусуна карштуу Токтогул районунда дыйкандын
үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Тилек Урманбетов
1999-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистиги боюнча бүтүргөн. 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУну аяктап, “Экономист” адистигине ээ болгон.
Ырысбек кызы Канышай
1994-жылы 5-апрелде төрөлгөн. Кесиби боюнча журналист. Ал К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.
​Алмазбек Парпуваев
1979-жылдын 21-августунда Жалал-Абад областындагы Ноокен районуна караштуу Теңдик айылында туулган.
Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.
Шерзод Сабиров
1986-жылдын 9-июнунда Ош шаарында туулган. Улуту өзбек.
Ажо Султаналиев
1991-жылы 10-июлда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Учурда Бишкекте жашайт.
​Анаргуль Исакова
1979-жылы 6-февралда азыркы Баткен областынын Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
Болот Сагынаев
1989-жылдын 4-мартында туулган.
2007-жылдан 2012-жылга чейин адегенде техникалык орто билим алган, Бишкектеги компьютерлик системалар жана технологиялар колледжинде маалыматты кайра иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын (экономикада) үйрөнгөн.
Аскар Алмаз уулу
Алмаз уулу Аскар 1993-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы №58 орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы ИСИТОнун юридикалык факультетине окууга тапшырган.
Эльмира Кенжебекова
1996-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган. Начар көргөн жана сокур балдардын адистештирилген балдар бакчасында тарбияланган.
Айгуль Конгайтиева
1979-жылы 18-майда Талас облусунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университинде “Юриспруденция” багыты боюнча билим алган. Кыргыз, орус , түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg