Давлянов Дамирбек Тайырбекович ,1986-жылдын 23-мартында Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк айылында туулган. Улуту-кыргыз. Кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис тилдерин билет.
Курманалиев Каныбек Мелисович 1986-жылы 3-февралда Нарында туулган. 1993-жылы Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы В.И.Ленин атындагы мектеп-гимназиянын биринчи классына кирген.
ЭЛ YMYTY, т. +996 70110 25 52 т. +996 704 26 27 97 т. +996 550 73 73 07 Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16 nadejdanaroda@gmail.com office@elumutu.kg
Курманалиев Каныбек Мелисович
Курманалиев Каныбек Мелисович 1986-жылы 3-февралда Нарында туулган. 1993-жылы Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы В.И.Ленин атындагы мектеп-гимназиянын биринчи классына кирген. 1999-2002-жылдары Бишкектеги №46 орто мектепте окуган. 2003-2006-жылдары Бишкек финансы-экономикалык техникумунда «Финансист» кесиби боюнча билим алган. 2006-2008-жылдары «Кант курулуш» фирмасында камсыздоочу болуп иштеген. 2008-жылы бир мандаттуу шайлоо округунан Кант шаардык кеңешинин 25 -чакырылышына депутат болуп 2012-жылга чейинки мөөнөткө шайланган. Кант шаардык кеңешинин төрагасы, ошондой эле «Жаш-Булак» коомдук бирикмесинин төрагасы болгон. 2011-2015-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясында жогорку билим алган. Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн (TURPA) эл аралык жаштар форумунун жана «Финансылык сабаттуулук», «Медиатор» семинарларынын катышуучусу. 2012-2016-жылдары Кант шаардык кеңешинин 16-чакырылышына өзү лидери болуп эсептелген «Замандаш» партиясынан депутат болуп шайланган. 2016-жылы КР ички иштер органдарына кызматка кирип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБде опер ыйгарым укуктуу кызматкер болуп иштеген. 2017-2019-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ СКМде карактап кол салуулар менен күрөшүү бөлүмүндө улук опер ыйгарым укуктуу кызматкер кызматында иштеген. 2019-2020-жылдары Бишкек шаардык ИИБ СКМде уюшкан кылмыштуулукка каршы улук ыйгарым укуктуу кызматкер катары иш алып барган. 2020-жылдан азыркы учурга чейин «Убакыт - Время» коомдук бирикмесинин төрагасы болуп иштеп келатат. Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуяларында «Жаш-Булак» фондунун атынан жабыркагандарга гуманитардык жардам уюштурган. Ошондой эле 2010-жылы Кантта Элдик кошуунд негиздеп, 2020-жылы пандемия мезгилинде «Убакыт - Время» КБнын атынан борбор шаардагы тургундарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштурган. Чүй областында жана Ысык-Ата районунда өткөн ар кандай спорттук-маданий жана көңүл ачуучу иш чаралардын активдүү уюштуруучусу жана катышуучусу катары 2009-жылы КР Президентинин Ардак грамотасы менен жана Чүй областы жана Ысык -Ата районунда жашаган жаштардын турмушуна активдүү катышканы үчүн да Ардак грамота менен сыйланган. 2018-жылдагы оор кылмыштардын бетин ачууда эң мыкты топто иштеген. 2019-жылы оор кылмыштардын бетин ачканы үчүн КР ИИМдин «Кылмышкерлерди издөөдөгү өзгөчөлөнгөн кызматы үчүн» төш белгиси менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Сахиб Сулиев
1987-жылдын 27-апрелинде туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинде «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алган. Он сегиз жашынан бери туризм тармагында иштеп, ага бүт убактысын арнап келе жатат. 2004-жылдан 2011-жылга чейин «ТезТур» компаниясында Анталиянын аймактык тур-операторунун директору (Түркия) болуп иштеген. 2004-2011-жылдар аралыгында «ТезТур» компаниясында Шарм-Эль-Шейхтин аймактык тур-операторунун директору (Египет) кызматын аркалаган. 2013-2019-жылдарда Анталияга туруктуу негизде чартердик учууларды уюштурган. 2013-2017-жылдарда DMC, Түркиядагы кабыл алуучу «Elsenal» тараптын Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп эмгектенген. 2017-2019-жылдарда DMC, Түркиядагы кабыл алуучу “СIP TRAVEL” тараптын Кыргызстандагы расмий өкүлү болгон. Үй-бүлөлүү. Төрт тилди – кыргыз, орус, түрк жана англис тилдерин билет. Спорт, сүрөткө тартууга, музыка жана шахматка кызыгат.
Иманбек кызы Бактыгул
Иманбек кызы Бактыгүл 1986-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт. 2010-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун чет тилдер факультетин (француз) Маданият аралык коммуникациялар боюнча котормочу-лингвист кесиби боюнча аяктаган. 2005-жылдан 2007-жылга чейин Манас ТОМЕR университетинде окуган. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Бельгиянын Гент шаарындагы университетте окуган. Француз тилин тереңдетилген ыкма боюнча үйрөнгөн. 2006-2008-жылдары “Электик” ЖЧКда француз тилинен сабак берген. 2007-2008 -жылдары “Aliya Study and Travel” туристтик фирмасында француз тилинен котормочу болуп иштеген. 2008 -2009-жылдары Бельгияда стажировкадан өтүп келип, 2011-жылга чейин кайрадан “Электик” ЖЧКда француз тилинен сабак берген. 2012-жылдан 2017-жылга чейин ‘”Mira Study” ЖЧКны ачып иштеткен. 2017-2019-жылдары ЭЛАРАД туристтик фирмасында гид-котормочу болуп иштеген. 2019-жылы «Миракл Лайф» окуу борборун негиздеген. “Миракл Лайф” мотивациялоочу долбоорунун автору.
Давлянов Дамирбек Тайырбекович
1986-жылдын 23-мартында Ош областынын Кара-Суу районундагы Шарк айылында туулган. Улуту-кыргыз. Кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис тилдерин билет. Атасы Т.О.Давлянов – ички иштер органдарында иштеген, полковник. Энеси А.С.Убайдуллаева Ош шаарындагы поликлиниканын башкы врачы болуп иштеген. Ош шаарындагы №17, 16, 4 орто мектептеринде окуган. Мектепте тарых, кыргыз тили жана адабияты, англис тили сабактарын сүйүп окуган. 2002-жылы мектепти аяктагандан кийин генерал-майор Э.А.Алиев атындагы КР ИИМ Академиясына кирип, аны 2007-жылы артыкчылык менен аяктаган. Эмгек таржымалы: 29.06.2007 – 01.08.2009-ж.ж. – Ош. ш. ИИБ КИБ. 01.08.2009 – 26.02.2010-ж.ж. – Ош ш. ИИБ ОВД ОБОП улук оперкызматкер. 12.03.2010 – 03.11.2010-ж.ж. – КР ИИМ ГУБНОН улук оперкызматкер. 03.11.2010 – 08.02.2011-ж.ж. – КР ИИМ ГУБНОН ЮУ улук оперкызматкер. 08.02.2011 – 30.01.2013-ж.ж. – Ош ш. ИИБ ОБОПжК башчысы. 30.01.2013 – 27.09.2013-ж.ж. – КР ИИМ ГУБОП башчысы. 28.03.2014 – 09.10.2014-ж.ж. – Ленин райондук ИИБ ОУР башчысы. 09.10.2014 – 19.11.2015-ж.ж. – КР ИИМ ГУБОП бөлүм башчысы. 19.11.2015 – 15.08.2017-ж.ж. – КР ИИМ ГУБОП бөлүм башчысы. 15.08.2017 – 26.10.2017-ж.ж. – КР ИИМ СКМ УБОП башчысы. 26.10.2017 – 06.07.2018-ж.ж. – КР ИИМ запаска бошотулган. Үч балалуу.