Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Кыргызстандыктар эмне үчүн “Эл Үмүтү” партиясын колдой тургандыктарын билдиришти:
“Биз, баарыбыз “Эл Үмүтүнө” жардам беребиз! Алар жалгыз эмес!”​
Бишкектеги “Адинай” сейил багында “Эл Үмүтү” партиясынын тынчтык митинги болуп өттү. Жаштар кыймылын колдоо үчүн жүздөгөн жарандар келишти. Маанилүүсү – алар эч кимдин мажбурлоосу жок, өзүлөрүнүн каалоосу менен келгенинде. Чогулгандардын кимисинде болбосун, уланбы же кызбы, же улуу муундун өкүлүндө болобу эми “Эл Үмүтү” партиясы кыйратуучу системага бирдиктүү сокку уруу үчүн аң-сезимдүү жаштарды бириктире алаарына ишеним пайда болду.
“Эмне үчүн бул партия? - деген суроого шайлоочулар өзүлөрү жооп айтышты:
«Партиянын артыкчылыгы – анын ынтымактуулугунда жана таза жаштардан куралгандыгында. Жаштардын көтөрүлүп жатканы абдан маанилүү нерсе. Мен Жогорку Кеңешке өтүү үчүн бул балдардын жакшы мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейм», - дейт Улан Жумагазиев.
Гүлсара Абдыжапарова келечек билимдүү жаштардыкы деп эсептейт: «Мен жаштарга ишенем. Менин да ушулар курактуу балдарым бар, алар да дайыма алдыга умтулуп, Кыргызстанга, элибизге күйүп турушат».
“Булардын иши ойдогудай болобу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок азыр аларды колдоого алуу керек”, - деген оюн айткан Данияр Рысалиев: «Алар туура айтып жатышат, өлкөбүздүн көйгөйүн өзүбүз чечпесек, ким чечет? Мен бул прогрессивдүү, идеялары ашып-ташкан балдар өзүлөрүнүн бардык билимин жана күчүн мамлекетти өнүктүрүүгө, аны менен бирге тажрыйба топтоого жумшай турганын көрүп турам».
Айым Искакова: «Эң эле активдүү, дымактуу адамдар бир командага чогулуптур, алардын баары лидерлер. Мен аларга ишенем!»
Бермет Кадырова: «Партиянын мүчөлөрү жалаң карапайым үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар экен, арасында бизнесмендердин же саясатчылардын балдары жок. Баары таза, идеясы бар балдар. Алар келсе өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болот».
Арген Бакытов: «Биз, жаштар, «Эл Үмүтү» партиясын колдойбуз, биз да салымыбызды кошобуз. Мен талапкерлерге тилектешмин, бүгүн өлкөбүздү сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек”.
Кайрат Умаров: «Эл Үмүтү» партиясынын жаш мүчөлөрү мекен үчүн күйүп-бышып чын дилинен сүйлөп жатышат. Мына ушундан улам мен аларды колдогум келет».
Павел Полторанин: «Өзгөрүүлөрдү алардан башка эч ким жасай албайт. Эгерде бул партия өтпөй калса, анда башка жаштардын көңүлү сууп калат, эч нерсеге умтулбай калышат. Ошондуктан, бул шайлоо абдан маанилүү болуп турат. «Эл Үмүтү» чынында элдин үмүтү болуп турат».
Куттубек Кадыршаев: «Эл Үмүтүндө» Кыргызстанды өзгөртүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана аларга биз баарыбыз жардам беребиз, алар жалгыз эмес. Эгерде өзүбүз аракет кылбасак, анда өзүбүз кыялданган келечекке жетпейбиз».
Марат Ибиров: «Эгерде жаштар бириксе, анда баары колдон келет. Эң башкысы – ишеним, бул партияга ишенүүгө болот».
 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх