Ак-Суу районунун жергиликтүү жашоочулары “Эл Үмүтү” партиясы менен элдин багыты, максаты, ниети бир экенин билдиришти.
“ Эл Үмүтү” партиясынан №8 катар саны менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бактыгүл Ашырматова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу, Бозучук, Ак-Булуң, Советское, Тегизчил жана башка айылдарын кыдырып, аймактын тургундары менен жеринде жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда талапкер партиянын программасын жергиликтүү жашоочуларга тааныштырды. Ошондой эле “Эл Үмүтү” партиясы көп тармактардын ичинен эң негизгилерине көңүл бурарын баса белгилеп, төмөндөгүлөрдү тизмектеди. Билим берүү тармагын реформалоо, туруктуу саламаттыкты сактоону камсыз кылуу, экологиялык жоопкерчиликти жана жаратылышты коргоо, адам укуктарын коргоого, элдин жашоосуна жакшы шарттарды түзүүгө туура мыйзамдарды иштеп чыгуу.
Ак-Суу районунун жергиликтүү жашоочулары “Эл Үмүтү” партиясы менен элдин багыты, максаты, ниети бир экенин билдирип, буга чейин саясатка аралашпаган жүрөгү таза, билимдүү, идеяга бай, патриот, жаш талапкер Бактыгүл Ашырматовага терең ишенүү менен үмүт артышып, чын жүрөктөн добуштарын берүүгө убадаларын беришти.
Жолугушуу кызуу маектешүү, суроо жооп менен өтүп жатты. Жолугушуунун жыйынтыгында айылдын аксакалдары Бактыгүл Ашырматовага ак баталарын беришип, ийгилик каалап узатышты.
КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АЛДЫГА!
БИЗ МЕНЕН БОЛ!