“Эл Үмүтү” партиясынан №18 катар саны менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ниязбек Шаякматов
Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы, Дыйкан, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Казыбек, Жаңы-Күч, Калинин, Терек-Суу жана башка айылдарын кыдырып, жергиликтүү тургундары менен жеринен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Жолугушуу учурунда “Эл Үмүтү” партиясынын программасын элге тааныштырып, эл ишенимине ээ болсо өзгөчө көңүл бура турган тармактарды белгилеп, билим берүү тармагы реформалоо, саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруу, экологиялык жоопкерчиликти жана жаратылышты коргоо, адам укуктарын коргоо, мамлекеттин өнүгүүсүнө жана элдин жашоосуна жакшы шарттарды түзүү жөнүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгуу "Эл Үмүтү" партиясынын эң негизги багыты экенин айтты.
Бул шайлоодо Ат-Башы районунун эли жаңы түшүнүктөрдү, өзгөрүүлөрдү эң негизгиси, жаңы жүздөрдү күтүп жаткандыгын айтышып, “Эл Үмүтү” партиясы менен элдин максаттары, ниети орток болуп чыкканын билдиришти. Жолугушуунун соңунда ар бир айылдын кадырлуу карылары талапкер Ниязбек Шаякматовго ак баталарын берип узатышты.