Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Төрөбек Жунусов: “ГЭСтерди куруу менен энергетикалык кризисти жойсо болот”
“Эл Эмүтү” партиясынан №41 катар саны менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Төрөбек Жунусов бир айлык үгүт ишинин алкагында Нарын районун кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Алгач ал эл менен жолугушууну Нарын районунун Таш-Башат айылынан баштады. Таш-Башат, Орук-Там, Эки-Нарын айылдарынын эли менен жолуккан соң Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарынын эли менен кезигишип, элдин көйгөйүн жеринде угуп, элдин суроолоруна жооп берип жатты.
Партиянын өзөктүү программасына токтолгон Төрөбек Жунусов Энергетикалык кризистен чыгуунун жолдорун айтты. Партиянын программасында көрсөтүлгөндөй, өлкөдө чакан ГЭСтерди өнүктүрүүнү жана алардын потенциалын жогорулатуу менен энергетикалык көйгөйдү жойсо болорун билдирди.

Талапкердин эл менен болгон кийинки жолугушуусу Нарын районунун Жерге-Тал, Эчки-Башы, Эмгек-Талаа, Жаңы-Талап, Эмгекчил, Жан-Булак, Кара-Чий, Оттук, Куланак, 8-Март айылдарында уланды. Бул айылдардын эли да айыл ичиндеги көп көйгөйлөрдү талапкерге ачыктап айтып беришти. Элдин көйгөйүн жеринде уккан талапкер эгер депутат болуп калса, эл көйгөйүн чечүүгө бар болгон күч-аракетин жумшап, иштеп берерин билдирди. Элдин суроолоруна так жооп берип, партиянын программа, платформасын элге түшүнүктүү кылып жалпак тил менен түшүндүрүп айтып берген Төрөбек Жунусовго айыл тургундары ыраазы болушуп, “Эл Үмүтү” партиясын колдой тургандыктарын жашырышкан жок.

Андан соң талапкердин эл менен болгон жолугушуулары Нарын районундагы Орто-Саз, Чет-Нура, Орто-Нура, Байгазак, Ийри-Суу, Төш-Булак айылдарында болду. Нарын облусу туризм шартына ылайыкташкандыктан, облуста туризмди өнүктүрүү негизги максаты экенин билдирген Төрөбек Жунусов депутат болуп калса туризмге өзгөчө басым жасаарын баса белгиледи.

Ошондой эле ал Нарын районундагы Таш-Башат айылынын аймагына курулуп баштаган “РусГидронун” курулуп бүтүшүнө кызыкдар экенин, ГЭС курулуп бүтсө, Нарын районуна караштуу айылдарда жашаган миңдеген жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болушарын айтып, эл колдоп, депутат болуп калса маселени эртелеп чечүүнүн жолдорун издей тургандыгын жашырган жок.

Талапкер Төрөбек Жунусов Нарын шаарынын тургундары менен да жолугушуу өткөрүп, чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелерди эл менен талкуулады. Эскерте кетсек, Төрөбек Жунусов буга чейин Нарын шаардык кеңешинин депутаты болгон.

«Эл Үмүтү» партиясы – №18. Жаштар аракетте!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх