Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
"Эл Үмүтү" Баткенде! "Мамлекетти эл эмес, олигархтар башкарып турган заман бүттү! Бул шайлоо Кыргызстандын келечегин аныктайт!"
“Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” Баткен шаарына келип жетти. Кызыл-Кыя, Кадамжайдын эли менен жолугуп, пикир алышкан талапкерлер, күндүн экинчи жарымында Баткен шаарынын эли менен облустук драма театрда кезигишти. Талапкерлерди Баткен шаарынын тургундары шаңдуу маанайда, жогору деңгээлде тосуп алышты. Эл алдына чыккан талапкерлер алгач өздөрүн тааныштырып, андан соң партиянын программасы туурасында кеңири маалымат беришти. Ар бир талапкер менен тааныштырып, алардын иш тажрыйбасы жөнүндө элге кыскача маалымат берген Улукбек Карыбек уулу алгач сөздү талапкер Болот Ибрагимовго узатты.

Болот Ибрагимов эмне себептен депутаттыкка бара жатканын айтуу менен бирге эле, “Эл Үмүтү” партиясы парламентке шайланып, депутат болуп кала турган болсо, эң алгач партия коррупция менен күрөшүүнү колго аларын айтты. Мамлекетти төмөн карай басып, өнүктүрбөй жаткан бул коррупция экенин баса белгилеген Болот Ибрагимов буларга токтолду:

“Коррупция бул өтө коркунучтуу нерсе. Коррупцияны азайтмайын, мамлекетти, элдин турмушун жакшыртуу кыйын. Ошондуктан биз, “Эл Үмүтү” партиясы сиздердин колдоого ээ болуп, парламентке барып калсак, алгач эле баштаган иштерибиздин бири коррупция менен күрөшүү болмокчу. Коррупцияны ооздуктоо боюнча бизде конкреттүү программалар бар. Биз ыкчам аракеттерди көрүп, жыйынтык көрсөтүүгө аракет жасайбыз. Кыргызстандын эң биринчи душманы бул коррупция, коррупциянын айынан элибиз кедей, мамлекетибиз алсыз болууда. Эгерде биз коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылып, күчтүү, бай өлкөгө айлана алсак, анда эч бир мамлекет бизге кол салууну кыялданбайт. Ошондуктан биз парламентке коррупциянын тамырын кыркуу үчүн барабыз. Ошондой эле мени өтө ойлонткон көрүнүш – бул жол кырсыктарынын көбөйгөнү, жол коопсуздугунун сакталбаганы, МАИ кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери, бул жаатта дагы коррупциянын гүлдөп-өнүккөнү ойлондурат. Бизге туура суроо бердиңиздер, айдоочулук күбөлүктөрдүн сатылып жатканы тууралуу туура айттыңыз. Акыркы жылдары республика боюнча жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны кескин түрдө көбөйдү. Биз элдин кыжырына тийген, эл жек көргөн депутат болбойбуз, биз элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган депутат болобуз”, – деди Болот Ибрагимов.

Элдин атынан сөз алып сүйлөп, талапкерлерге дем берген Баткен шаарынын тургуну Алчынбек Эшматов “Эл Үмүтү” партиясы үмүттү жандырган келечектүү партия экенине токтолуп, элди жаштарга добуш берүүгө үндөдү.

“30 жылдан бери эскилер мамлекетти өнүктүрө алган жок. Пандемия учурунда мамлекет алапайын таппай, канчалаган адамдарыбыз каза болушту. Кыргызстандын медицина, билим берүү, экономика тармактарын кантип өнүктүрөбүз? Жаш талапкерлер, сиздердин программаңыздарда бул нерселер камтылыптыр. Депутаттар жакшы иштесе, элдин турмушу оңолот, элдин турмушу оңолушу үчүн биз татыктуу депутаттарды шайлашыбыз керек, ал татыктууларды мен “Эл Үмүтү” партиясынан көрүп турам”, – деди ал.

“Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган, буга чейин Баткен шаардык кеңешинин депутаты, Баткен шаарынын мэри болуп иштеген Гапарали Маатказиев “Эл Үмүтү” партиясы башка партиялардан кескин айырмаланарын айтып, баткендиктерди 28-ноябрь күнү “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө чакырып, кайрылуу жасады.

“Урматтуу менин жердештерим, бул шайлоо Кыргызстандын келечегин тандоочу шайлоо. Алдыңыздарда “Эл Үмүтү” партиясынын жаш талапкерлери келип отурушат. Бул командада эң улуусу мен, 55 жаштамын. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылы төрөлгөн балдар 30га чыкты, бирок 30 жылдан бери мамлекетибиз өз ордун таба албай келе жатабыз. 30 жылдан бери шайлоого катышып келе жаткан жыйырмадан ашык партия бул сапар дагы шайлоого аттанышты. Буга чейин дагы алар жакшы программаларын айтып үгүт иштерин жүргүзүп, депутат болуп бийликте жүрүштү. Бирок мамлекет алдыга жылган жок. Тескерисинче, мурда депутат болуп жүргөн саясий элиталардын жеке ишканасы оңолуп, жакындарынын жашоосу жакшырып бай жашап жатышат. Буга чейин мамлекетти, элди эмес, өзүнүн чөнтөгүн ойлогон адамдар башкарып келишти. Мына туугандар “Эл Үмүтү” партиясынын эл, мамлекеттин келечеги үчүн иштейм деген билимдүү, чыгаан талапкерлери алдыңарда турат. Бул командага мен кепилдик берем. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка”- дейт. Андыктан “Эл Үмутү” партиясын колдоп бериңиздер” - деп, Баткендиктерге кайрылуу жасады.

ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх