Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
"Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлери чек ара менен чектешкен Баткен облусунда эл менен жолугушууда
“Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” өз ишин улантып, эл менен жеринде жолугуп, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Талапкерлер бүгүн алыскы Баткен облусунун эли менен жолугууда. Түшкө чейин Кызыл-Кыя шаарындагы чогулган эл менен жолугуп, партиянын программа, платформасын элге тааныштырган талапкерлер түштөн кийин Кадамжай районунун тургундары менен кезигип, баарлашышты. “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин бири Анаргүл Исакова чек ара менен чектешкен, шарты катаал Баткен облусунда көйгөй көп экенин билдирип, депутаттыкка аттанганынын себеби тууралуу айтып берди:
"Баткенде көйгөй өтө көп. Быйыл президент Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Менин максатым – эл турмушун жакшыртуу. Баарыбызды түйшөлткөн – бул чек ара маселеси. Сугат суу, жер, таза суу, жол, айтор, чечилбеген социалдык көйгөйлөр облуста өтө арбын. Элдин көйгөйүн көрүп туруп мен тынч оокат кылып жашагым келген жок. Депутат болуп, элге, мамлекетке, өзгөчө Баткен облусуна салым кошкум келди. Ошондуктан, урматтуу бир туугандарым, биздин командада мурда саясатка аралашпаган таза, илимдүү-билимдүү, жаш талапкерлер бара жатат. Биз сиздердин жардамыңыздар менен депутат болуп шайланып калсак, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды иштеп чыгып, көп жакшы иштерди жасоого аракет жасайбыз. Кыргызстанды кыдырып, үгүт ишин улантуудабыз. Эл арасында бизге ишеним арткандар өтө көп. Биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз”, – деди.

Эл арасынан “Эл Үмүтү” партиясын колдоп сөз сүйлөгөндөр да көп болду, Алардын бири, Кадамжайдын тургуну Байзак Исаков элдин көбү учурда жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды шайласак деп жатышканын баса белгилеп, шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясынын мүмкүнчүлүгү жогору экенин билдирди. Ал өз сөзүндө эски саясатчылардан эл тажаганын айтты.

“Эл Үмүтү” партиясынын платформа, программасы менен таанышып чыккам. Бүгүн жаштардын жүздөрүн көрүп партияга болгон ишенимим жогорулады. Билимдүү, келечеги кенен, мамлекеттин жүгүн тарта ала турган жаштар биригишиптир. Мен эл арасында жүргөн, элдин оюн жакшы билген жаран катары айтсам, эл азыр эски саясатчылардан тажады. Жаңыларды, жаштарды колдосок деп турушат. Андыктан шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясынын мүмкүнчүлүгү жогору деп айтсам болот. Кадамжайда “Эл Үмүтү” партиясынын колдоочулары көп", – деп кошумчалады ал.

Талапкерлердин сөзүн муюп уккан кадамжайлык аксакал Акун Эркинов мамлекеттин мындан аркы өнүгүшү жаштардын колунда экенине токтолуп, оюн мындайча билдирди:
“Шайлоону таза өткөрүү жөнүндө президенттин дагы жарлыгы чыкпадыбы. Албетте, шайлоодон утуп чыгуунун амалын ойлогон шылуундар көп болуп жатат. Бирок алардын ким экенин эл жакшы билет. Бул жолу эл өлкөнү өнүктүрө турган, эл үчүн кызмат кылууга жан дили менен киришкен жаңы жүздөрдү колдойт деп ойлойм. Мамлекет Баткен облусуна өзгөчө макам бергенин, Баткен өнүксө мамлекет өнүгөрүн талапкер жаштар белгилешпедиби. Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшү жаштардын колунда деп эсептейм. Жаштар менен чогуу биздин сүйүктүү кызыбыз Исакова Анаргүл да депутаттыкка аттаныптыр. Анаргүлдү биз колдойбуз, добушубузду жаштарга берели, жаштарды колдойлу”, – деди ал.

"Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлеринин эл менен болгон кийинки жолугушуусу Баткен шаарында уланат.

Эскерте кетсек, “Үмүт кербени” буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырып, эл менен жеринен жолугушууларды өткөрдү.

«Эл Үмүтү» партиясы – №18. Жаштар аракетте!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх