Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Ордолуу Ош эли “Эл Үмүтү” партиясына тилектештигин билдирип, колдоого алды
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштеринин алкагында өлкөбүздүн жети дубанын кыдырып, эл менен жолугушуусун улантууда. Жолугушуунун негизги максаты – партия мүчөлөрү жылуу-жумшак отуруп алып куру убада бербей, эл аралап, партиянын программасын, курамын шайлоочуларга жакындан тааныштырып, ошол эле маалда жергиликтүү элдин көйгөйүн көзү менен көрүп, көкүрөгү менен туюп, жеринен баарлашуу.

Ушундай улуу максатты артынган “Үмүт кербени” бүгүн ордолуу Ош шаарында өзүнүн тарапташтары менен жолугушту. Меймандос, кең пейил Ош эли талапкерлерди кучак жайып тосуп чыгып, талапкерлер менен тарапташтардын ортосунда кызуу баарлашуу, сунуш-пикир, суроолор, алкоолор орун алды.

Эл менен жолугушууда партия лидери Аскар Алмаз уулу сөз сүйлөп: “Биз депутаттыкка үч максат менен аттандык. Алар: эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу, маанилүү мыйзамдарды сунуштоо жана мамлекеттик казынадагы каражатты туура бөлүштүрүүгө көзөмөлдү күчөтүү. Учурда баягы эле 120 депутаттын көбү кайра депутат болуш үчүн жан үрөп эл аралап добуш сурап жүрүшөт. Баарысы тең баягы эле айтып келген кооз сөздөрүн айтып, элди алдоого аракет жасашууда. Биз сиздерден суранар элек, жакшы эле алдандык, бул жолу алданбайлы, туугандар. Добушуңуздарды сатпаңыздар, татыктууларды тандаңыздар!” – деп кайрылуу жасады.

Ошондой эле партиянын тизмесин баштап бара жаткан талапкер Болот Ибрагимов жолугушуу учурунда "Кыргызстандагы коррупцияны жеңүү мүмкүн эместей сезилет. Бул көйгөйдү кантип чечесиз?" деген суроого мындай деп жооп берди:

“Өлкөдө коррупция ушунчалык күч алып, ал бардык тармакты жөргөмүштүн желесиндей эле чырмап алгандыктан, жөнөкөй жаранга аны жеңүү мүмкүн эместей сезилет. Бирок бул андай эмес. Биздин ар бир туура аракетибиз, ар бир адилет чечимибиз коррупцияны жоюуга өбөлгө болот. Сегиз жылдан бери мен коррупцияга каршы күрөштө мамлекет жасай турган иштерди алып бардым. Туура, чоң тоскоолдуктар болду. Кыйналдым, убактым кетти. Ден соолугум кетти. Азап тарттым, кысымга, коркутууларга кабылдым. Азыр болсо коррупцияны жок кылуу мен үчүн сыймыктуу ишке айланды. Биздин эң коркунучтуу душманыбыз башка мамлекеттер же ар кандай майда-чүйдө топтор эмес. Биздин эң чоң душманыбыз – коррупция. А мен аны жеңген адаммын”, – деди.

Ички иштер министрлигинин академиясын аяктап, укук коргоо системасында иштеген жылдары өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматына чейин жеткен Ош элинин сыймыктуу уулу, партиянын талапкери Дамирбек Давлянов да Ош шаарынын жашоочуларына кайрылып: “Биз бардык деңгээлдеги адилеттүүлүктү жактайбыз. Жашоонун ар кыл тармактарында баарыбыз күн сайын туш болгон адилетсиздик бизди ушул күрөш жолуна түшүүгө мажбурлады. Элге, мамлекетибизге ак ниет кызмат кылуу үчүн барабыз. Биз бүт күчүбүздү жана акылыбызды, билимибизди Кыргызстандын өнүгүшүнө жумшайбыз! Кыргызстан улуу, тарыхый өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Мындай көрүнүш Борбор Азиянын бир дагы өлкөсүндө болгон эмес. Бул шайлоонун таза өтүшү жана ага жаш партиялардын катышуусу”, – деп билдирди.

Жолугушууга катышкан шаар тургундары талапкерлерге болгон суроолорун узатып, кызыктуу диалог орун алды. Дагы бир жолугушуунун катышуучусу "Партия билим берүүдө кандай өзгөрүүлөрдү жасай алат?" деген суроо узатты. Бул суроого талапкер Нурсултан Кубанов төмөнкүдөй жооп берди:

“Биз парламентке барып калсак, билим берүү тармагына тиешелүү 3 мыйзам долбоорун сунуштоону пландап жатабыз. Биринчиси – курулуш компаниялары төлөп жаткан салыктын 15 пайызын билим берүүгө, бала бакчалардын өнүгүүсүнө жумшоого аракет жасайбыз. Экинчиси – билим берүү тармагына берилчү лицензиянын шарттарын жеңилдетүү. Үчүнчүсү – билим берүүгө инвестиция салам деген ишкерлерди 5 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотушубуз абзел”.

Андан соң дагы бир талапкер Шерзод Сабиров элге кайрылып: “Менин оюмча, Кыргызстандын негизги байлыгы кен байлыгы же суусу эмес, башкы байлыгыбыз – элибиз. Биздин үмүтүбүз адамдарда. Келечек – жаштар үчүн добуш бергиле. Эски саясатчылар сиздерди ар дайым алдап келишкен, аларга жооп берип, таза, жаш кадрлар үчүн добуш бере турган учур келди!” – деп чакырык таштады.

Талапкерлердин арасында мугалим, дарыгер, милиция, журналист баш болгон бир топ кесиптин ээлери бар. Ош шаарындагы жолугушууда кесиби боюнча дарыгер Элнура Жумашева да катышып, сөз сүйлөдү:

"Мен дарыгер катары айтып коёюн. Баарыңыздар жакшы билесиздер, Аскар Алмаз уулу баштаган “Эл Үмүтү” партиясындагы жаштардын көбү 2020-жылдагы пандемия учурунда элге чоң жардам көрсөтүшкөн. Белгилүү болгондой, элибиз эң жөнөкөй медициналык маскага жетпей калган учур болгон. Мен иштеген Ош шаарындагы оорукана маска таппай кыйналып турганыбызда бизге 1000 даана медициналык маска жана 40 миң долларлык концентратор келген. Ал ким аркылуу келген дебейсиздерби? Ал алдыңыздарда турган Аскар Алмаз уулунун аракетинин негизинде бизге жеткен. Айта берсек “Эл Үмүтү” партиясындагы жаштардын элге кылган салымы чоң. Мындан ары дагы биздин балдар жана биз сиздерге ак кызматыбызды кыла беребиз. “Эл Үмүтүнө” добуш бериңиздер! Рахмат сиздерге!" – деди ал.

Дээрлик 2 сааттан ашык болгон жолугушуу аягына чыгып, талапкерлер шайлоочулар менен жылуу коштошуп, шаар элинин колдоосу, ак батасы менен сапарга чыгып, Баткен облусуна багыт алышты.

Эскерте кетсек, “Үмүт кербени” буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарын кыдырып келген.

«Эл Үмүтү» партиясы – №18. Жаштар аракетте!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх