Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Аскар Алмаз уулу: “Добушуңуздарды сатпай, татыктууларды тандаңыздар!”
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштеринин алкагында өлкөбүздүн жети дубанын кыдырып, эл менен жолугушуусун улантууда. Жолугушуунун негизги максаты – партия мүчөлөрү жылуу-жумшак отуруп алып куру убада бербей, эл аралап, партиянын программасын, курамын шайлоочуларга жакындан тааныштырып, ошол эле маалда жергиликтүү элдин көйгөйүн көзү менен көрүп, көкүрөгү менен туюп, жеринен баарлашуу. Ушундай улуу максатты артынган “Үмүт кербени” бүгүн ордолуу Ош шаарында өзүнүн тарапташтары менен жолугушту. Меймандос, кең пейил Ош эли талапкерлерди кучак жайып тосуп чыгып, талапкерлер менен тарапташтардын ортосунда кызуу баарлашуу, сунуш-пикир, суроолор, алкоолор орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын лидери Аскар Алмаз уулу “Эл Үмүтү” партиясынын программасын, келечек максаттарын элге кеңири тааныштырып, буларга токтолду:

“Биз буга чейин эле социалдык түйүндөр аркылуу көп маселелерди чечкенбиз. Айрым депутаттар чечпеген иштерди чечип, кээ бир депутаттарга караганда элге биздин жардам көбүрөөк тийди десем жаңылышпайм. Биз парламентке барсак, азыр мен кармап сүйлөп жаткан үн күчөткүч эки эсе күчтөнөт. Биз депутаттыкка үч максат менен аттандык. Биринчиси – эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу. Экинчиси – маанилүү мыйзамдарды сунуштоо жана аларды колдоо. Үчүнчүсү – бул мамлекеттик казынадагы каражатты туура бөлүштүрүүгө көзөмөлдү күчөтүү. Тилекке каршы, буга чейин мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражат туура бөлүштүрүлбөй, кээ бир облустарга акча аз бөлүнүп калган учурлар көп кездешкен. Биз депутат болуп калсак, мындай нерселерге бөгөт коюуга аракет жасайбыз. 120 депутаттын көбү кайра депутат болуш үчүн жан үрөп эл аралап добуш сурап жүрүшөт. Баарысы тең баягы эле айтып келген кооз сөздөрүн айтып, элди алдоого аракет жасашууда. Биз сиздерден суранар элек, жакшы эле алдандык, бул жолу алданбайлы, туугандар. Добушуңуздарды сатпаңыздар, татыктууларды тандаңыздар! Бизге ишенип коюңуздар, биз өзгөртөбүз. Эгер 5 жылдын ичинде өлкөдө өзгөрүү кыла албасак, анда 5 жылдан кийин кайра шайлоого барбайбыз.

Бизге “акчаны кайдан алдыңар?” дегендер да болуп жатат. Биз акчаны өзүбүз чогулттук. Партияда канча талапкер болсо, баарысы тең каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарышты. Бизде “сен мынча акча бер” деп талапкерлерге “ставка” коюлган жок. 10 миң сом болсо да партиянын эсебине которуп, талапкер болгондор болду. Мисалы, арабызда Эльдар Байбулатов аттуу врач агабыз талапкер болуп бара жатат. Ал киши шайлоого чыгууга акчасы жок, жарым жылдык айлыгын алдын ала алып, шайлоого аттанды. Мына ушундай, урматтуу шайлоочулар. Сиздер калыссыздар, сиздер таразасыздар! Биз сиздерге ишенебиз!” – деди. Эскерте кетсек, “Үмүт кербени” буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарын кыдырып келген. Кербенчилердин кийинки сапары Баткен облусуна багыт алат. «Эл Үмүтү» партиясы – №18. Жаштар аракетте!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх