Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Нурсултан Кубанов: “Убакыт чектелүү. Биз ишибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз”
Нурсултан Кубанов: “Убакыт чектелүү. Биз ишибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз”
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштеринин алкагында өлкөбүздүн жети дубанын кыдырып, эл менен жолугушуусун улантууда. Жолугушуунун негизги максаты – партия мүчөлөрү жылуу-жумшак отуруп алып куру убада бербей, эл аралап, партиянын программасын, курамын шайлоочуларга жакындан тааныштырып, ошол эле маалда жергиликтүү элдин көйгөйүн көзү менен көрүп, көкүрөгү менен туюп, жеринен баарлашуу.

Ушундай улуу максатты артынган “Үмүт кербени” бүгүн ордолуу Ош шаарында өзүнүн тарапташтары менен жолугушту. Меймандос, кең пейил Ош эли талапкерлерди кучак жайып тосуп чыгып, талапкерлер менен тарапташтардын ортосунда кызуу баарлашуу, сунуш-пикир, суроолор, алкоолор орун алды.

Атап айтсак, жолугушууга катышкан элдин арасынан “Билим берүүдө кандай өзгөрүүлөрдү жасай аласыңар?" деген суроо узатылып, бул суроого талапкер Нурсултан Кубанов төмөнкүдөй жооп берди:

“Билим берүү тармагында биздин өзүбүздүн программабыз бар. Ал 100 күндүк жана 5 жылдык программа. Реформа кылам деген ар бир менеджердин 100 күндүк программасы болушу керек. Биз парламентке барып калсак, билим берүү тармагына тиешелүү 3 мыйзам долбоорун сунуштоону пландап жатабыз. Биринчиси – курулуш компаниялары төлөп жаткан салыктын 15 пайызын билим берүүгө, бала бакчалардын өнүгүүсүнө жумшоого аракет жасайбыз. Азыр баарыңыздарга белгилүү болгондой, мамлекеттик бала бакчаларда, тактап айтканда, бир бала бакчада 300-400 бала тарбияланып жатат. Бул мыйзам долбоорун мен Малайзиядан көрүп келгем. Ал жакта билим берүүдө биздикине окшош көйгөйлөр болгон. Жогорудагы мыйзам менен Малайзия өкмөтү билим берүүдөгү көйгөйдү беш жылдын ичинде чечип коюшкан. Экинчиси – бул билим берүү тармагына берилчү лицензиянын шарттарын жеңилдетүү. Азыр лицензия алыш үчүн кызыкдар тарап бери дегенде эки ай министрликтин эшигин кагып чуркашы керек. Жүздөгөн кагаз документтерди даярдоосу зарыл. Бюрократия абдан күч алган. Үчүнчүсү – билим берүүгө инвестиция салам деген ишкерлерди 5 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотушубуз абзел. Эгер сиздер колдоп депутат болуп калсак, биз карап отурбайбыз. Убакыт чектелүү. Биз иштейбиз, сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз!” – деди.

Эскерте кетсек, “Үмүт кербени” буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарын кыдырып келген. Кербенчилердин кийинки сапары Баткен облусуна багыт алат.

«Эл Үмүтү» партиясы №18. Жаштар - аракетте!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх