Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда эл менен жолугушту.
18-ноябрда "Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда эл менен жолугушту. Талапкерлер менен таанышып, алардын программасын угуу үчүн чогулган кара-суулуктар талапкерлерди жылуу маанайда тосуп алышты. Партия өкүлдөрүнүн арасынан биринчилерден болуп сөз алып сүйлөгөн Дамирбек Давлянов күндүн суугуна карабай чогулган элге ыраазычылык билдирип, партиянын программасын, ошондой эле талапкерлерди элге тааныштырды. Ал өз сөзүндө “Эл Үмүтү” партиясы булганбаган, таза партия экенин баса белгилеп, буларга токтолду:
“Мекенди, мамлекетти өнүктүрөм деген жаштар биригип, мамлекетибизди өнүктүрүүгө багыт алып турабыз. Биздин арабызда олигарх, байлар жок. Алардын балдары, урук-туугандары да жок. Биз жалаң карапайым үй-бүлөдө өсүп-чоңойгон жаштарбыз. Биз Кыргызстаныбызды бийикке көтөргүбүз келет. Улуу мамлекетти курсак деген зор тилегибиз бар. Бизге сиздердин колдооңуздар керек. Мен Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Кара-Сууга жээн болом. Таякелерим Кара-Сууда жашашат. Андыктан “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүңүздөрдү суранам”, – деп чогулган элди добуш берүүгө үндөдү.
Эл арасында талапкерлерди колдойбуз деп жаштарды кубаттагандар көп болду. Алардын бири Жыргалбек Калмаматов “Эл Үмүтү” партиясына билимдүү жаштардын бириккенине кубанып жатканын жашырган жок:

“Эл Үмүтү” партиясы таза жаштардан куралган партия экен. Чет өлкөдөн билим алып келишкен, билимдүү улан-кыздар биригишиптир. Буга мен абдан кубанып турам. Билимдүүлөрдүн биригиши – бул өлкөнүн өнүгүүгө карай багыт алышы деп түшүнөм. Булар парламентке барса өлкөдө өзгөрүү болот. Жаштар үмүттү жандырышты. Добушумду “Эл Үмүтү” партиясына берем, – деп добушун жаштардын партиясына берерин билдирди.

Ошондой эле “Эл Үмүтү” партиясынан депутаттыкка аттанган дагы бир талапкер Динмухамед Алмамбетов айыл жерлериндеги көйгөйлүү маселелерге токтолуп, Кара-Суу районунда дыйканчылыкты өнүктүрүү керектигин айтты:

– Кара-Суу районунун эли дыйканчылык менен алектенгендиктен, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун сактоого салым кошуп келишет. Сиздер эмгекти сүйгөн, маңдай тер менен оокат кылган элсиздер. Карапайым элге мамлекет шарт түзүп бериш керек. Эң жөнөкөй паспорт, справка алууда көйгөйлөр абдан көп. “Тигиге бар, буга бар” деп, балалуу аялдар, улгайган кары-картаң ата-энелер бюрократиядан кыйналышат. Чынын айтканда, эски система менен иштеген бийликтеги адамдар мамлекетибизди сазга батырып коюшту. Биз мына ошол эски система менен күрөшүп, жаңы система орнотолу деген максатта сиздердин алдыңыздарга келип добуш сурап отурабыз. Биздин команданын максаты – эл үчүн кызмат кылуу, мамлекетти өнүктүрүү. Туугандар, биздин ишенерибиз сиздерсиздер, добушуңуздарды сатпаңыздар. “Эл Үмүтүн” колдоңуздар, – деди ал.

Кара-Суу районунун тургуну Алмаз Эсенкулов жаштарга ийгилик каалап, жаштарды колдой турганын билдирди. Ал өз сөзүндө талапкерлердин жер боюнча айткан сөзү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи:

“Эл Үмүтү” партиясынын программасы жана талапкерлери менен тааныштык. Бул партияда жаңы, жаш талапкерлер экенин билдик, ой-максаттарын уктук. Мыйзамдарды тогоштуруп, жеке менчикке өтүп кеткен жерлерди мамлекетке кайтарабыз дешти. Ушуга окшогон жакшы программалары бар экен. Жаштарды колдошубуз керек, өлкөнүн келечеги – жаштар. Кара-Суу районунун эли “Эл Үмүтү” партиясын колдойт деп ишенем”, – деди ал.

“Эл Үмүтү” партиясынын Ош облусуна болгон “Үмүт кербени” уланууда. Талапкерлер буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын эли менен жолугуп, партиянын программа, платформасы менен тааныштырышкан болчу. Ош облусунан кийин талапкерлерден куралган “Үмүт кербени” Баткен облусуна сапар алат.

ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх