Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Жалал-Абад шаары “Эл Үмүтү” партиясы менен
“Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” шайлоочулар менен болгон жолугушуусун улантууда. Бүгүн алар Жалал-Абад шаарынын эли менен жолугушту. Жалал-Абад шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда талапкер Таалайбек Нишанбай уулу шайлоочуларга кайрылып, Жогорку Кеңешке барса билим берүү тармагын жакшыртууга аракеттенээрин айтты:

“Мен 31 жаштамын, учурда мектепте тарых мугалими болуп иштейм. Азыркы тапта мугалимдерге мамлекет тарабынан жеткиликтүү көңүл бурулбай калды. Айлык акынын аздыгынан канчалаган мугалимдер жумушун таштап, сыртка кетип жатат. Өлкөнүн ушул абалга келишине албетте ситеманы өзгөртө албаган эски саясий система күнөлүү. “Эл Үмүтү” партиясына перспективдүү, билимдүү, жүрөгү таза, патриот талапкерлер бириктик. Биз шайлоодон утуп депутат болуп калсак, элге жакын болобуз. Элден бат-бат кабар алып, көйгөйлөрүңүздөрдү жеринде келип угуп турабыз. Жалал-Абад облусунда көпчүлүк эл дыйканчылык менен жан сактайт. Айыл чарба тармагында мыйзамдарды дыйкандын пайдасына иштегендей кылабыз. Туугандар терең ойлонуп, “Эл Үмүтү” партиясына добушуңуздарды бериңиздер. Биз сиздерге ишенебиз” – деди.

Андан соң, “Эл Үмүтү” партиясынын дагы бир талапкери Динмухамед Алмамбетов мамлекеттин коопсуздугу башкы орунда экенин токтолуп, элди биримдикке, ынтымакка чакыруу менен “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

“Жалал-Абаддык туугандар, сиздер менен жүз көрүшүп, саламдашып жатканыбызга биз абдан кубанычтабыз. Биз бүгүн сиздерге партиябыздын программасы тууралуу айтып берели, өзүбүздү тааныштыралы деп келдик. Мен 37 жаштамын. 22 жыл аскер кызматында эмгектендим. Мени түйшөлткөн нерсе бул мамлекеттин коопсуздугу, элдин тынчтыгы. Азыр баарынан мурда коопсуздукка өзгөчө көңүл буруш керек болуп турат. Мисалы ушул күнгө чейин чек ара көйгөйү чечилбей келди. Жалал-Абад облусундагы көйгөйлүү маселердин бири бул чекара. Биз буга чейин Чаткал жана Ала-Бука райондорун кыдырып келдик. Чек ара орчундуу көйгөй экенин район тургундары да баса белгилешти. Эгер депутат болуп калсак, тышкы саясат, коопсуздук, чек ара боюнча сунуштай турчу мыйзам долбоорлорубуз даяр. Сиздердин бизге колдооңуздар эле керек. Эски саясатчыларды буга чейин шайлай берип, тажагандай эле болдуңуздар! Бул жолу жаңылбай “Эл Үмүтү” партиясына добушуңуздарды бересиздер деген терең ишеничтемин.” – деп сөзүн жыйынтыктады.

Жолугушууга келген элдин арасынан да “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерине ак тилек айтып, бата бергендер көп болду. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну Махабат Асанова:

“Элге акча таратып, көмүр түшүрүп берем деп добуш сатып алууга аракет кылган партиялар эмес, өзүнүн чөнтөгүн эмес мамлекеттин тагдырын ойлонгон партия парламентке келиши керек, ал “Эл Үмүтү” партиясы. Азыркы учурда элди мамлекет эмес, эл өзүн-өзү багып жатат, элге үмүт берген “Эл Үмүтү” партиясына добушубузду берели, жаштарга ак батаңыздарды бериңиздер” - деп, аксакалдарды бата берүүгө чакырды.
Эске салсак, “Үмүт кербенинин” Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушуусу бүгүн аягына чыкты. Алар буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарын кыдырып, эл менен жолугушкан. “Үмүт кербенинин” кийинки сапары Ош облусунда уланат.

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх