Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
«Эл Үмүтү» партиясы – №18 Жаштар аракетте!  Ала-Бука, Чаткал жана Аксы райондорунун эли “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерин жылуу тоcуп алышты
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, эл менен жеринен жолугушуусу уланууда. Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас эли менен жолуккан талапкерлер ат тизгинин Жалал-Абад облусуна буруп, Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун эли менен кезигишти. Жалындуу максат менен аттанган жаңы муундун өкүлдөрүн Жалал-Абад эли жагымдуу маанайда тосуп алып, “Эл Үмүтү” партиясынын программасы, аткара турган иштери тууралуу маалымат алып, ошондой эле талапкерлердин таржымалы менен жакындан таанышты.

“Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Ала-Бука элинин уулу Бекзат Батырканов сөз баштап, күндүн суугуна карабастан, талапкерлерди чогулуп күтүп алган элге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал “Ала-Бука, Аксы, Чаткалдагы негизги көйгөйлөргө токтолуп, “Эл Үмүтү” партиясы парламентке барса бул көйгөйлөр менен күрөшөрүн төмөнкүчө билдирди.

“Ала-Бука, Чаткал району борбордон алыс жайгашып калганына байланыштуу кээ бир көйгөйлөр айтылганы менен, жогорку жактан көңүл жылытарлык көңүл бурулбай келет. Мисалы, Чаткал районунда алтын кендерин казуу иштеринде жакшы көзөмөл жок. Экологияга терс таасирин тийгизип, тоонун башынан түшкөн сууларыбыз булганып, аны жергиликтүү эл ичип жатасыздар. Шарты татаал Чаткал районунун жолу абдан тар, жай мезгили эл араң каттайт. Кыш мезгилинде кыймыл токтоп, жакшылык, жамандыкка каттай албай калышат. Ала-Бука районунун эли дыйканчылык менен жан сактайт. Тилекке каршы, сугат суу жетишпей, айдоо аянттары куурап, дыйкандар түшүмдөн кур калып жатасыздар. Урматтуу туугандар, көйгөйлөр көп, мен орчундуу маселелерге токтолдум. Буга чейинки депутаттар да куру убадаларды берип келишти. Жыйынтык болгон жок. Ушул шайлоодо эл ичиндеги көйгөйлөрдү билген таза, билимдүү, патриот уул-кыздардан куралган “Эл Үмүтү” партиясын колдоп берүүңүздөрдү суранам. Сиздердин колдооңуздар менен депутат болуп келсек, эл үчүн иштеп беребиз. Сиздердин колдооңуздарга муктажбыз. Кур убадаларга, кооз сөздөргө алданбаңыздар. Өлкөнүн келечеги сиздердин колуңуздарда”, – деп элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

Андан соң “Эл Үмүтү” партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан талапкерлердин бири Канышай Ырысбек кызы келген элге ыраазычылык билдирүү менен өлкөнүн экологиялык абалына токтолуп, учурдун негизги көйгөйүнө айланган экология боюнча буларга токтолду:

“Акыркы кездерде дүйнө жүзүндө экологиялык өзгөрүүлөр болууда. Аба, суулар булганып, ар кандай оорулар көбөйүүдө. Статистика боюнча дүйнө жүзүндө Орто Азияда жашаган адамдар рак илдети менен эң көп ооругандыгы белгилүү болду. Анын ичинен Кыргызстанда да көйгөйлөр көп. Социалдык баракчаларда “балама, бир тууганыма, ата-энеме жардам бергиле, рак илдети менен ооруп жатат” деп каражат издегендердин саны арбын. Мунун баары дем алуубуз, ичип-жегенибизге байланыштуу экени белгилүү. Буга чейин Кыргызстандын тарыхында бир да депутат экологияга көңүл бурган эмес экен. Мына, туугандар, “Эл Үмүтү” партиясы элдин колдоосу менен депутат болуп шайланып калсак, экологияны коргоо, мөңгүлөрдү сактоо боюнча мыйзамдарга көңүл бурабыз. Биздин командада мурда саясатка аралашпаган, билимдүү, көп тармактуу кесипкөй уул, кыздар бар. Урматтуу туугандар, жакшылап ойлонуп, биздин партияга добушуңуздарды бериңиздер. Сиздердин колдооңуздарга муктажбыз”, – деди ал.

Жолугушууга келген элдин арасында жаш талапкерлердин аракетин жогору баалап, аларга каалоо-тилек айткандар да көп болду. Алардын бири, Ала-Бука районунун тургуну Кенжебүбү Байымбетова: “Жаштар биздин келечек деп айтып келебиз. Эми айткан сөзүбүздү далилдеп, добушубузду жаштарга берели деп, элди жаштарга добуш берүүгө чакырат элем. Эски саясатчыларды тээ Союз тарагандан бери эле шайлап келе жатабыз. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, эскилерден оозубуз күйүп, жалкыгандай эле болдук. Бул жолу эми эскилердин кооз сөзүнө алданбай, жаштарга ишеним арталы. “Эл Үмүтү” партиясындагы жаштардын ой-максаттарын уктук. Баарысы тең сүйлөгөнү орундуу, билимдүү жаштар экен. Жаштарды шайлап алалы”, – деп чогулган элди жаштарга добуш берүүгө чакырды.

Ошондой эле эл арасынан Мамбетаалы Кайназаров аксакал дагы сөз алып сүйлөп, эски саясатчылардан эл тажаганын айтты.

“Өз чөнтөгүн ойлогон эскилерди көрдүк. Жашоонун оорчулугун жаштар көрдү, өлкөнү ушулар оңдойт. Мен кошуна-колоңдорду да “Эл Үмүтү” партиясын колдогула” деп үндөйм. Гезитиңерди алдым, программасы менен тааныштым. Элдин үмүтү жаштарда. Бийликке жаштар келсин”, – деп “Эл Үмүтүнө” добуш берүүгө үндөдү.

Ала-Бука, Чаткал жана Аксы эли менен коштошкон “Үмүт кербени” Кочкор-Ата шаарына багыт алды.

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх