Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Айгул Конгайтиева, "Эл Үмүтү" партиясынан талапкер; “Өлкөнү өзгөртүүгө мезгил келди”
"Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлеринен куралган "Үмүт кербени" үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда.

“Үмүт кербенинин” кезектеги сапары касиеттүү Талас облусунда уланып, партиянын талапкерлери жергиликтүү эл менен Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында жолугушту.

Жолушууда "Эл Үмүтү" партиясынан талапкер, Талас элинин кызы, Айгул Конгайтиева сөз сүйлөп, элге төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду: «Талас облусуна келгениме бир жума болду. Элимди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен пикир алмаштым. Мен Миң-Булак айылындагы орто мектепте билим алгам. Андан бери жыйырма жылдан ашуун убакыт өттү. Мектепте ушул жылдар аралыгында бир да жолу ремонт болбоптур. Ата-энелер мектепте окуган уул, кыздарын эскилиги жеткен мектептин басып калуусунан кабатыр болушарын айтышты. XXI кылымда биз мектептин авариялык абалына эмес, мектептин окуучуга татыктуу билим берүүсүнө, программасына карап тандай турган учурубуз. Ушундан улам мен билим берүү тармагына кординалдуу реформа жүргүзүү зарыл экенин түшүндүм. Билим берүү тармагын өзгөртмөйүн мамлекет жакшы жагына өзгөрбөйт. Экинчи жагдай, Кыргызстанга пандемия жайылганда жашообуз уйгу-туйгу болуп, мамлекеттин жардамынан үмүтүбүз үзүлүп ар ким өз жаны менен өзү алек болгон. Республиканын бардык аймактарында медицина тармагында орчундуу көйгөйлөр бар. Бул дагы баарыбызды ойго сала турган маселе. Өлкөнү өзгөртүүгө мезгил келди. Эл эски жүздөрдөн жана шайлоодон жадады. “Эл Үмүтү” – жаштардан куралган таза партия. Элдин үмүтү жаштарда, өлкөнү жаштар өнүктүрөт. “Эл Үмүтү” партиясына добуш бериңиздер”, – деп кайрылды.

Эскерте кетсек, “Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” эл менен болгон алгачкы жолугушуусун Бишкек шаарынан баштап, Чүй облусунда, андан соң Нарын, Ысык-Көл облустарында уланткан.

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх