Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
«Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери Москва районунун эли менен жолугушууларды өткөрдү
"Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлеринен куралган "Үмүт кербени" үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда. Бүгүн “Үмүт кербени” Чүй облусунун Сокулук районунда, Беловодское айылында жана Кара-Балта, Кайыңды шаарларында жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Алгачкы жолугушуу Сокулук районунда орун алды. Андан соң талапкерлер Белеводское айылынын эли менен жолугушту. Жаңы муундун өкүлдөрүнөн түзүлгөн партиянын жыйынына Москва районунун тургундары катышып, талапкерлер жана партиянын программасы менен таанышып, пикир алмашышты. Жолугушууда Москва районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Малик Темирбеков сөз сүйлөп: “Эл Үмүтү” партиясына жаш, билимдүү улан-кыздардын бириккенин угуп, талапкерлердин программасы менен таанышуу үчүн келдим. Жаштардын ой-тилектерин угуп ыраазы болдум. Өлкөнүн келечеги жаштардыкы, эски саясатчылар жаштарга орун бериши керек деп ойлойм. Шайлоого катышам, добушумду жаштарга берем”, – деп билдирди.
Эл арасынан сүйлөгөн Сагынай Мураталиева апабыз: “Башкалардан айырмаланып “Эл Үмүтү” партиясы жалаң жаштардан түзүлүптүр. Мен жаштар менен сыймыктанам жана колдойм. Канча жылдан бери эскилерге убакыт, мүмкүнчүлүк берилди, бирок алар эл күткөн жыйынтыкты көрсөтө алышпады. Жаштардын партиясын колдойм, үмүтүм жаштарда”, – деген оюн баса белгиледи.

Талапкерлердин арасынан сүйлөгөн Асель Джаилова Москва району кичи мекени экенин айтып, “Урматтуу Москва районунун тургундары, менин кадырман жердештерим, биз менен жолугушуу үчүн келип бергениңиздерге жалпы команданын атынан ыраазычылык билдирем. Мен 30 жаштамын, билим берүү жана мамлекеттик кызматтарда эмгектенгем. Экономика илимдеринин кандидатымын. Бишкекте жашаганым менен, кичи мекеним Москва району. Урматтуу туугандар, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу билимдүү, патриот, буга чейин саясатка аралашпаган таза, эмгекчил жаштардан куралган “Эл Үмүтү” партиясы түзүлүп, шайлоого аттанып отурат. Мына бүгүн биздин команда сиздердин алдыңыздарда турабыз. Саясаттагы эски жүздөрдөн жана кайра-кайра өткөн шайлоолордон эл жадады. Элдин үмүтү жаштарда. Биз элдин үмүтүн актоого жаштыгыбызды, күчүбүздү арнайбыз. “Эл Үмүтү” партиясын колдоп, добушуңуздарды берүүңүздөрдү суранабыз”, – деп шайлоочуларды “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

Көп жылдан бери Беловодскоеде жашап, буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты болуп иштеп, эл үчүн кызмат кылып келе жаткан дагы бир талапкер Тагай Конушбаев эмне үчүн “Эл Үмүтү” партиясын тандаганын айтып, буларга токтолду. “Мен шайлоого “Эл Үмүтү” партиясы менен барууну туура көрдүм. Анткени бул партия жалаң жаштардан куралды. Ушул жерде турган 50 жаштан өтүп калган аксакалдар, айтыңыздарчы, канча жылдан бери кооз сөздөрдү, аткарылбаган убадаларды угуп келе жатасыздар? Жумушсуздуктун айынан канчалаган алдуу-күчтүү уул-кыздарыбыз иш издеп сыртка чыгып кетишти. Өлкөдө көйгөйлөр өтө көп, туугандар. Жалаң билимдүү, патриот, таза жаштардан куралган “Эл Үмүтү” партиясы алдыңыздарга келип отурабыз, шайлап бериңиздер”, – деди.

Ошондой эле дагы бир талапкер Акылбек Баяманов сөз сүйлөп, элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө чакырды: “Элибизде жакшы сөз бар: “Адамды ичинен бил, ичинен билбесең, ишинен бил” деген. Анын сыңарындай биз эски саясатчыларды ичинен да, ишинен да билип бүттүк. Аларга болгон үмүтүбүз өчтү. Ошол себептен биз жаштар бир партияга биригип, бир команда болууну туура көрдүк. Биздин арабызда кооз сүйлөгөн, чөнтөгү акчага толгон эски саясатчылар жок. Биз өлкөгө өзгөрүү жаратабыз. “Эл Үмүтү” партиясы сиздер менен! Добушуңуздарды биздин партияга бериңиздер!” – деп айтты.

Эскерте кетсек, “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери алгач жолугушууну Бишкек шаарынан баштап, Чүй облусунун Кемин районуна, андан соң Нарын, Ысык-Көл облустарына барып эл менен жолугушкан. Бүгүн болсо, жогоруда белгилегендей, Чүйдүн Сокулук, Москва жана Жайыл райондорун кыдырып, эл менен жолугушууда.

ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх