Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Марат Бекназаров, Сокулук районунун тургуну: “Эл Үмүтү” партиясындагы жаштар өлкөгө пайда алып келерине ишенем”
"Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлеринен куралган "Үмүт кербени" үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда.

Бүгүн “Үмүт кербени” Сокулук районунда, Беловодское айылында жана Кара-Балта, Кайыңды шаарларында жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.

Алгачкы жолугушуу Сокулук районунда орун алды. Жаңы муундун өкүлдөрүнөн түзүлгөн партиянын жыйынына Сокулук районунун тургундары катышып, талапкерлер жана партиянын программасы менен таанышып, пикир алмашышты.

Жолугушууда Сокулук районунун тургуну Мунарбек Токтогонов сөз сүйлөп: “Сокулук районунун жаштары “Эл Үмүтү” партиясын колдойбуз. Себеби 3 жолу төңкөрүш болду. Бийликке келгендер люстрация кылабыз деп убада берип, жаштарды алдап келишти. Эч кандай жыйынтык жок. Мына эми ушул жаштар келсе люстрация ишке ашмак”, - деп билдирди.

Дагы бир мекендешибиз Марат Бекназаров партияга карата өзүнүн оюн мындайча билдирди: “Мен дагы башкалардай эле шайлоого катышкан партиялардын, талапкерлердин тизмесин, максаттарын, программаларын окуп, көрүп жатам. Өзгөчө “Эл Үмүтү” партиясынын курамы жана программасы көңүлүмө толду. Акыл Баяманов, Бактыгүл Иманбек кызына окшогон мыкты талапкерлери бар экен. Алар бийликке мекен үчүн күйгөн патриот, билимдүү, таза жаштар келишин, ошондой эле мамлекетке жаңы система керек экендигин айтып жатышат. “Эл Үмүтү” партиясындагы жаштар өлкөгө пайда алып келерине ишенем”, - деди.
Ошондой эле, Марат Бекназаров өзүнүн калемине таандык ырды окуп берип, жолугушууга келген элди шайлоого барууга, жаштарга, жаңы, таза муунга добуш берүүгө үндөдү.

"Жаңылоого кез келди,
Токтот эми жаакташуу кептерди.
Люстрация жүргүзүүгө өлкөдө,
Сага сунуш, мыйзам менен эрк берди.
Алдыдагы шайлоо өтсө таптаза,
Бузукулар элди чайкап чачпаса,
Турмушубуз оңолуунун жолунда,
Ар бир адам өз тандоосун барктаса.
Шайлоого бар, бекер үйдө жатпагын,
Калың журттун ишенимин актагын.
Балта чаап өз жашооңо болочок,
Жең ичинен добушуңду сатпагын.
Жердешим деп, тууганым деп карабай,
Билимине, эмгегине көңүл бур.
Тизме менен чыккан баардык өкүлдөн,
Тандоо үчүн чын жүрөктөн бекем тур.
Ала-Тоодо бийик учуп шаңшыган,
Бүркүт сымал мекенимде жаштарым.
Биримдикти, ынтымакты туу тутуп,
Келечекте элди алдыга баштагын."

Эскерте кетсек, “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери алгач жолугушууну Бишкек шаарынан баштап, Чүй облусунун Кемин районуна, андан соң Нарын, Ысык-Көл облустарына барып эл менен жолугушкан.

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх