Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
«ЭЛ ҮМҮТҮ» ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ДОБУШУН САТЫП АЛГАНГА КАРАМАНЧА КАРШЫ!
Кымбаттуу кыргызстандыктар! Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттери жөнүндө маалыматтар пайда боло баштады.

«Эл үмүтү» партиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү өнөктүгүнүн алгачкы күндөрүнөн тарта шайлоочуларга карата кысым жасоонун кандай формалары болбосун, айрыкча добуштарды сатып алуу аракеттерин түк кабыл албай тургандыгын билдирген.
Ар бир жарандын күчү – анын добуш берүү укугунда, тандоого, мамлекеттин тагдырына таасир этүү укугунда.

Сиздердин ар бириңиздерге кайрылабыз: эгерде сиз шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине күбө болсоңуз же андай маалыматты уккан болсоңуз, айрыкча бул ишке биздин талапкерлердин же үгүтчүлөрдүн аттары аралашкан болсо, бул туурасында бизге – 0554 666 244 вотсап номерине билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз.

Бул шайлоонун таза өтүүсүнө баарыбыз биргелешип аракет кылуу менен гана жете алабыз. Кыргызстандын ар бир жараны элибиздин, өлкөбүздүн эртеңки келечеги кандай болорун аң-сезимдүү түрдө өзү тандап алууга тийиш!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх