Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлерин Каракол шаарынын тургундары шаңдуу маанайда тосуп алышты
“Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” Каракол шаарында болду. “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери менен жолугушуу үчүн Караколдогу Касымаалы Жантөшов атындагы Ысык- Көл облустук музыкалык театрына 700 гө жакын киши чогулуп, партия өкүлдөрүн жылуу маанайда тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө “Эл Үмүтү” патиясынын талапкерлери элге өздөрүн тааныштырып, партиянын прогрмаммасы тууралуу кеңири маалымат беришти.

Андан соң сөз сүйлөгөн Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдай Досалиева Караколдуктарды “Эл Үмүтү” партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан Руслан Осмоналиевди шайлоого үндөдү.
“Биздин арабызда талапкер болуп өзүңүздөрдүн уулуңуздар Руслан Осмоналиев бара жатат. Руслан байке Караколдо туулуп өскөн. Каракол шаарынын абалын жакшы билет. “Эл Үмүтү” партиясына добушуңуздарды берип, Руслан Осмоналиевди депутат кылып шайлап алсаңыздар. Ал мамлекет менен элдин ортосундагы негизги көпүрө болуп бере алат, көйгөйүңүздөрдү четет деп ишеничтүү айта алам” деди.

Андан соң, дагы бир талапкер Самат Окмоткулов элге кайрылып, “Биздин партияга карапайым, аракетчил, билимдүү, кесипкөй, өжөр жаштар бириктик. Шайлоого канча акча кошо алат же канча кол топтой алат деген максатта эмес, биз мамлекетке эмне кылып бере алабыз?, деген суроону коюп, бирге аттандык. Биз ар кайсы өнүккөн өлкөлөрдөн билим алып, тажрыйба топтой алдык. Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга ниет коюп атабыз. Ушул шайлоодо терең ойлонуп, добуш берүүңүздөрду суранат элем. Кыргызстандын келечеги сиздердин колуңуздарда” - деди.

Жолугушуунун соңунда чогулган эл талапкерлерге ийгилик каалап, жаштарды колдошоорун жашырышкан жок.

ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх