Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
Болот Сагынаев; “Эски саясатчылар жакшы жашоо кураарына ишеним жок”
Бүгүн, партиянын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Каракол шаарынын тургундары менен жолугушсун баштады. Жолугушуу алгач Тоң районунан башталды. Партиянын катарындагы талапкер Болот Сагынаев келген элге ыраазычылык билдирип, төмөнкүдөй кайрылуу жасады;

“Урматтуу жердештерим. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Күндүн суугуна карабай, ушул жерге келип биз менен жолугушуп жатасыздар. Өзүңүздөргө жакшы белгилүү болгондой мен өзүңүздөрдүн кулунуңар, Кара-Коо айылынын тургуну болом. Ата-энем Кара-Коо айылындагы мектепте мугалим болуп иштээри, мен ушул мектепти окуп бүткөнүм да сиздерге жакшы маалым. Менин саясатка аттагангындын себеби мен тажадым. Мен куру убадалардан, монополиядан тажадым. 30 жылдан бери бир ууч саясатчы кызматтан- кызматка секирип, саясий монополия жаратып келишүүдө. “Эски кирпичтен жакшы там курулбайт”- дегендей эле, эски саясатчылар саясий системаны башка нукка бураарына мен эч ишенбейм. Ошол себептен биз демилгелүү жаштар башыбызды бириктирип депутаттыкка аттандык.Биздин катардагы улан- кыздар тууралуу айта кетсем, Болот Ибрагимов башынан эле эски саясатчылардын чириген системасына каршы чыгып, активдүү күрөшүп келе жатат. Аскар Алмаз уулу баарыбыздын эсибизде калган 2020- жылдын жай айында болгон коронавирус илдети күчөгөн маалда ыктыярчы топторду уюштуруп, элге чоң жардам кылган. Карыбек уулу Улукбек, жолдогу үч буттуу камераларга каршы туруп, ал камераларды койгон, элди кыйнаган “Вега” деген компания менен азыркы учурга чейин соттошуп келе жатат. Айтор, биздин курамдагы жаштардын баары өз аракети менен көп ийгиликтерди жараткан, эл үчүн күйгөн мекенчил атуулдар. Буюрса “Эл Үмүтү” сиздердин ишенчити актайт!” – деп билдирди.

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх