Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
«Биз сиздердин үмүтүңүздөрдү актайбыз!». Жумгал биз менен!
Кече, «Эл Үмүтү» партиясынын «Үмүт Кербени» Нарын облусунун Жумгал районунун жашоочулары менен жолугушуу үчүн райондун борбору Чаек айылында болушту.

Жаш талапкерлер райондун тургундарына партия жана анын талапкерлери тууралуу кеңири маалымат берип, суроолорго жооп узатышты.

Партиянын төрагасы Аскар Алмаз уулу элге жасаган кайрылуусунда, «Биз тажрыйбалуу саясатчылардай кооз убадаларды бербейбиз, бирок биздин ниетибиз таза, жүрөгүбүздө Мекенге болгон сүйүү бар. Биз 30 жылдан бери элди тоноп, мамлекетти талкалаган адамдарга каршы күрөштү баштадык. Аны аягына чыгаруу үчүн күчүбүз да, билимибиз да жетет. «Эл Үмүтү» партиясын колдоп бериңиздер, биз да сиздердин үмүтүңүздөрдү актайбыз», - деди.

«Үмүт Кербени» акциясынын алкагында «Эл Үмүтү» партиясы буга чейин Бишкек, Чүй жана Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунун, Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

«Эл Үмүтү» партиясы №18. Жаштар – аракетте!

ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх