Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
“Эл Үмүтүнө” болгон каралоолор – Кыргызстандын элин жаңы жашоо укугунан ажыратуу аракети!
Социалдык тармактарда “Эл Үмүтү” партиясына жана анын талапкерлерине карата массалык түрдө ар кандай каралоолор, чабуулдар башталды. Биз мындай болоорун алдын ала билгенбиз. Себеби, мунун баары биздин партиянын эски чиновниктерге, чириген системага карата жарыялаган күрөштөн улам пайда болду.

Бирок, бизди каралоого аракет кылган троллдордун армиясынын бул аракети бизди коркута албайт. Анткени, булар жөн гана жалданма адамдар. Алар ар намыс, абийирин акчага алмаштырып жиберишкен. Демек, бизди каралап жатканыңар, биз бардыгын туура кылып жатканыбыздын дагы бир далили.

“Эл Үмүтү” партиясынын мүчөлөрү, 30 жыл аралыгында кыргыз элин эзип, татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан саясатчыларды бийликтен арылтууга болгон күчүбүздү жумшайбыз.

Бүгүн бизде Мекенибиз үчүн, ар бир кыргызстандык үчүн жаңы, мыкты тагдырды тандоого реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Ал эми “Эл Үмүтүнө” жасалган чабуулдар Кыргызстандын элин ушундай укуктан ажыратуу аракети!

Ошондой эле, биздин шайлоо фондубуз тууралуу айтылып жаткан сөздөр боюнча, партия мүчөлөрү колубуздан келишинче жалпы кассага каражат чогулттук. Бирөө кымбат унаасын сатса, бирөө дачасын сатты. Арабызда алты айлык маянасын алдын ала алган дарыгер бар. Жакын жолдошторубуз, пикирлештерибиз, тилектештерибиз да сыртта карап турган жок. Биз баардыгын толугу менен, ачык-айкын айтып, максаттуу жумшалган чыгашабызды көрсөттүк. Эң негизгиси шайлоочуларды сатып алуу үчүн акча коротпойбуз. А чындыгында Боршайкомго башка каражатты көрсөтүп коюп, иш жүзүндө андан 100 эсе көп караджат чачып жаткан партиялар жок эмес.

Кадырлуу мекендештер, урматтуу шайлоочулар, биздин бул максаттарыбыз, сиздин таандооңуздардан көз каранды. Сизге татыктуу тандооңуздун, добушуңуздун күчүн сезе турган мезгил келди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүңдүн жана жакындарыңыздын, балдарыңыздын келечеги үчүн терең ой калчап, тандоо жасаңыз.

Ар кандай провокацияга алдырбагыла! Жаркын келечегиңиз үчүн "Эл Үмүтүнө" добуш бериңиз!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх