Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
“Эл Үмүтү” партиясы Нарын облусунун Ат- Башы районунда эл менен жолугушууда.
Жолугушуунун журүшүндө партия лидери Алмаз уулу Аскар шайлоочуларга төмөнкүчө кайрылуу жолдоду:

"Ниязбек Шаякматов мени лидер деп айтып кетти. Биз баарыбыз лидербиз. Ниязбек Нарындын, Ат- Башынын лидери. Биз шайлоонун астында гана биригип, команда болгон жокпуз. Биз буга чейин эле биригип команда болгонбуз. Биздин команда жалаң кесипкөй адамдардан куралган. Партиядагы ар бир мүчөбүздүн өзүнчө тарыхы бар. Биз буга чейин эле эл үчүн иштеп келгенбиз, мындан ары да эл үчүн иштей беребиз деп партиядагы ар бир мүчөбүз айта алат. Урматтуу шайлоочулар, рахмат сиздерге, күндүн суугуна карабай, биз менен жолугушуу үчүн чогулуп келип жатасыздар! Мен эки жыл мурун Россиядан келгем. 7 жыл ал жакта кафеде иштегем. Россиядан мен эки Нарындык кызды көргөм. Алар 16 жашта болчу. Экөө тең кафеде иштечү. Ал жака кантип келип иштегенин сурасам, “эжем аркылуу келгенбиз, эжемдин паспорту менен ишке орношконбуз” дешкен. Андан бери эки жыл өттү. Ал эки кыз азыр 18 ге чыгышты. Менин саясатка аралашып жатканыма, депутаттыкка баратканыма ошондой эне сүтү оозунан эне сүтү кете элек жаш кыздар Россияда жалданып иштеп жүрткөнү түрткү берди. Биз кооз сүйлөй албайбыз. Бирок биздин мекенге болгон сүйүүбүз бийик. Элбизге ак кызматыбызды кылып, мамлекетибизди өнүктүрсөк дейбиз. Азыр бизди кескин каралоолор жүрүп жатат. Ар кандай жолдор менен, ар кимге жабыштырып каралап жатышат. Мунун баары эмнени билдирет. Эски системанын адамдары бизден коркуп жаткандыгын көрсөтүп турат. Биз алар менен күрөшөбүз. Биздин күрөш токтобойт. Биз 30 жылдан бери саясий оюн кылып келген эскилерге каршы согушту баштадык." - деп билдирди.
 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх