“Эл Үмүтү” партиясын Ат-Башылыктар ак бата менен узатышты
“Эл үмүтү социал- саясий” партиясынын “Үмүт кербени” уланууда. Бүгүн, 9-ноябрда жаш талапкерлер Нарын облусунун Ат-Башы районунун эли менен жолугушту. Алыскы Ат- Башыда аба ырайынын сууктугуна карабай партия лидери Алмаз Аскар уулу баштаган партия мүчөлөрү менен жолугушууга бир нече жүздөгөн киши келип катышышты. Жаш талапкерлердин жалындуу сөздөрүн уккан атбашылыктар партия мүчөлөрүнө ак баталарын берип, ийгилик каалап узатышты.
Район элинин ак батасына арзыган партия лидери Аскар Алмаз уулу өлкөдө “Эл Үмүтү” партиясына карата кара пиар күч алганын айтып, “биздин партия азыр жасалма компроматтардын бутасына алынды, бизди элге “мокочо” кылып көрсөтүп, каралагысы келгендер болуп жатат. Мунун баары биздин 30 жылдан бери мамлекеттин ширесин соруп, элдин турмушун оорлотуп келген эски саясатчыларга, эски партияларга тийишкенибизден улам болууда”-деди партия лидери.
Андан соң, «Эл үмүтү» партиясынын талапкери Болот Ибрагимов партиянын бардык талапкерлери таза экенин, ачык иштеп, добуштарды сатып алуу менен эч алектенбей турганын белгилеп, “Бизди негизсиз каралоого аракет жасаган эскилер бизден коркушат, биз алдардан алдыга баратабыз, биз эскилердин негизсиз каралоосуна эч көңүл бурбайбыз, биз үчүн эң башкысы сиздердин татыктуу тандооңуздар, колдооңуздар, ар бир кыргызстандык жакшы жашоого татыктуу жана биз татыктуу жашоону алып келүүгө бар болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз” деди Болот Ибрагимов.
"Эл Үмүтү" №18 Жаштар-Аракетте!