Пример текста...
Мисалы +996 ХХХ ХХХ ХХХ
Партияга кирүү
7 жана 8 – ноябрь биз үчүн абдан маанилүү болгон күндөрдү – Тарыхты жана тата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилейбиз.
Урматтуу кыргызстандыктар, кымбаттуу мекендештер!

7 жана 8 – ноябрь биз үчүн абдан маанилүү болгон күндөрдү – Тарыхты жана тата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилейбиз.

Кыргыз элине кылымдардан бери таандык богон эң башкы мүнөз – бул эркиндикке, көз карандысыздыкка умтулуу болуп келген. Кыргыздар үчүн ыйык саналган бул түшүнүктөрдү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун бардык этаптарында биздин ата-бабаларыбыз болуп көрбөгөндөй каармандык жана баатырдык менен коргоп келишкен.

Бул күндөрү биз биздин мамлекеттин калыптанышы үчүн өзүлөрүнүн өмүрлөрүн берген, өзүлөрүнүн үлүшүнө туура келген эң кыйын кезеңдердин сыноосунан татыктуу өтүшкөн аталарыбыз менен апаларыбыздын улуу эрдигине таазим кылып, алардын жаркын элесине урмат көрсөтөбүз.

Биздин мамлекеттин тарыхына ошондой эле жүрөгүндөгү эркиндик рухунун чакырыгына жооп берип, ата-бабаларыбыздай өмүрлөрүн аябай ар бир кыргызстандыктын эгемендүүлүккө, тандоого болгон укугун коргошкон, адилетсиздик менен мыйзамсыздыктан эркин болуусу үчүн күрөшкөн мекендештерибиздин ысымдары да түбөлүккө жазылып калат.

Мекенибизди сактоо, ага кам көрүп, кадыр-баркын эл аралык аренада бийик көтөрүү, аны гүлдөгөн, ийгиликтүү мамлекетке айлантып, урпактарга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Биз, «Эл Үмүтү» партиясынын патриот жаштары, өзүбүз тандап алган жолдун оңой эмес экенин жакшы билебиз. Биздин алдыбызда оор жана татаал күрөш турат – биз ата-бабаларыбыздай эле биздин жарандарыбыздын укуктарын коргоого, кыргыз элинин баатырлары мурас калтырып кеткен бардык жетишкендиктерин жана Кыргызстандын көз карандысыздыгын сактап калууга милдеттүүбүз жана биздин балдарыбыз, урпактарыбыз жакшы мамлекетте жашашы үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек.

Биз өз өлкөбүзгө жана элибизге ак ниеттүүлүк чынчылдык менен кызмат кылабыз. Биз үчүн эң маанилүүсү - элибиздин ишеними жана анын жакшы келечекке болгон үмүтү.
Эгерде биз өткөндөн сабак алып, биздин мамлекетибиздин өнүгүү жолун туура аныктай алсак, анда Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлейт.
Өлкөбүзгө жана элибизге бакты-таалай, бардык жакшылыктарды каалайм!

 
 
 
ЭЛ YMYTY,
т. +996 70110 25 52
т. +996 704 26 27 97
т. +996 550 73 73 07
Кыргызская Республика, г. Бишкек, 720021 Московская 130, бат.16
nadejdanaroda@gmail.com
office@elumutu.kg
 
Наверх